Кийинки аптадан баштап Бишкектен Балыкчыга поезд каттамы ачылат
RU

Кийинки аптадан баштап Бишкектен Балыкчыга поезд каттамы ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-июндан баштап Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү ташыган поезд каттамы ачылат. Бул туурасында "Кыргызтемиржол" ишканасы маалымдайт.

Белгилүү болгондой, билеттерди сатуу 8-июндан баштап ачылат.

Бишкек-2-Балыкчы-Бишкек-2 каттамы 14-июндан 14-июлга чейин ишке киргизилип, жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.

Билеттерди онлайн https://railway.kg сайтынан жана анын Android платформасындагы мобилдик тиркемеден, ошондой эле "Бишкек-2" вокзалынын кассаларынан жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктаган документтерин көрсөтүү менен жана поездде бардык ички, эл аралык төлөм тутумдарынын накталай жана накталай эмес төлөөнүн бардык түрлөрүн колдонуу аркылуу сатып алууга болот.

Толук маалыматты сайттан же телефон номерлери аркылуу алса болот. Байланыш номерлери: (0312) 30-02-09, 92-68-54,92-68-40, 0 705 07-66-96 телефондору аркылуу сурап билсеңиздер болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16328