Ташиев: УКМК "Кумтөргө" каршы козголгон 4 кылмыш ишинде депутаттар дагы бар
RU

Ташиев: УКМК "Кумтөргө" каршы козголгон 4 кылмыш ишинде депутаттар дагы бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр Оперейтинг Компани" боюнча кылмыш иштери кандай тергелип жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, бүгүн УКМКнын тергөө бөлүмүндө төрт кылмыш иши каралып жатат, анын ичинде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата табигый ресурстарды жана жер участокторун пайдалануу боюнча Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын пайдасына чечилген чечим кабыл алуу фактысы боюнча дагы иш камтылган.

Иштин жүрүшүндө бул маселеге ошол учурда иштеген бир катар кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрүнүн тиешеси бар болуп чыгып жатат. Алардын арсында кол койгон биздин урматтуу депутаттарыбыз дагы бар.

Экинчи кылмыш иши 2018-жылы компанияга Жети-Өгүз районунан 24 миң гектар айыл чарба, 10 миң гектар өндүрүштүк, 14 миң гектар резервдик жерлерди берүү боюнча козголду.

Мындан сырткары 2019-жылы 26 миң гектар жер берилген.

Жер бөлүүдө алдын-ала келтирилген зыян 390 миллион 977 миң 566 сомду түздү. Бул жерде дагы чиновниктердин коррупциялык иштеринин учу чыгууда.

Үчүнчү иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган салык төлөмдөрүн чегерүү жөнүндө, алардын иш-аракеттери бюджетке 9,9 миллиард сом салык жана 1,5 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн алууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

Биз кол койгон жана ушундай чечимдерди кабыл алгандарды гана жоопко тартабыз. Биз башкаларга тийбейбиз.

Төртүнчү иш - суунун, атмосферанын булганышы, жердин бузулушу, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушуна көз жумуп, бул маселени жоюу боюнча чараларды көрбөй койгондугу үчүн кылмыш иши козголот.

"Компаниянын кеңселерин тинтүү учурунда мурунку депутаттардын Кумтөрдөн акчалай жардам алгандыгы боюнча далилдер табылды",- деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1634