Депутаттар Кыргызстанда уран менен торийди казуу мыйзамын колдоду. Эл эмне дейт?
RU

Депутаттар Кыргызстанда уран менен торийди казуу мыйзамын колдоду. Эл эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда уран жана торий иштетүүгө жана казууга тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле. Эске салсак, беш жыл мурун уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу. Редакция уран менен торийди казууга эл азыр макулбу же жокпу билип көрдү.

Сурамжылоого катышкан жарандардын дээрлик бардыгы уран казууга каршы экендерин айтышты. Алардын көпчүлүгү жаратылышка зыяны тийип калат деп кооптонушса, айрымдары экономикага пайда болсо - макулмун деп билдиришти. Бирок, араларында комментарий берүүдөн такыр баш тарткандар да болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети да 27-майдагы отурумунда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Бүгүн алар бир күндө эки окууда кабыл алышты.

Аталган документте 2019-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын жокко чыгаруу сунушталган.

Мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлуп, парламентке 11-майда киргизилген.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин кошумчалаган.

2019-жылдын жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясы токтотулган.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бар. Айрым геологдор, көлдөгү уран чаң менен шамал аркылуу көлгө учпайбы деп кооптонуп, комиссия тыкыр иликтеп, элдерге жана жаратылышка да терс таасирин тийгизбеши керектигин далилдеши керек деп эсептешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16357