Илимдеги аялдар. Кыздар коомго кантип жардам бере алат?
RU

Илимдеги аялдар. Кыздар коомго кантип жардам бере алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы менен жаңы майрам - Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнү түзүлгөн (ошондон бери ал жыл сайын 11-февралда белгиленип келет). Ал эми 2020-жылы ЮНИСЕФ кыздарга илим, инженерия жана математика жаатында ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган "илимдеги кыздар" программасын ишке киргизди.

Бул жаатта гендердик теңсиздик барбы? Эмне үчүн аялдар менен кыздарды илимде жана өзгөчө технологияны өнүктүрүүдө колдоо керек? Бул коомго эмне берет?

Бул суроолорго жоопту Kaktus.media редакцияcы издеди.

Кыргызстандын илиминдеги аялдардын ролу тууралуу эмне билесиз? Текшерип көрөлү? Ал үчүн тесттен өтүңүз (төмөндөгү шилтемени басыңыз).

Кыргызстандын илиминдеги кыз-келиндер. Сандар

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга эркектерге караганда кыздар көп тапшыраарын сандар көрсөтүп турат.

Бул учурда, кыздар негизинен гуманитардык жана педагогикалык багыттарды тандашат. Ал эми эркектер техникалык илимдерге ыкташат.

Бирок Кыргызстандын бардык эмгекке жарамдуу калкынын ичинен жогорку билимдүү эркектер азырынча көп. Эркектердин саны 315,6 миң болсо, аялдардын саны 306,5 миң. Башка тармактардагыдай эле, илимдеги лидерлик кызматтарда да аялдар аз. Аялдар жогорку кесиптик билимге ээ болгонуна карабастан аларга орношуу кыйыныраак. Анын ичинде гендердик стереотиптердин таасири жана жумуш берүүчүлөр өз кызматкерлери катарында эркектерге артыкчылык беришет.

Маалымдама

1985-жылы Джилл Боулинг жана Брайан Мартин Science: a masculine disorder? аттуу материалдарды жазышкан: ("Илим: эркектик касиеттин бузулушубу?"). Ошол мезгилде - 1980-жылдары АКШда илим, технология, инженерия жана математика жаатында иштегендердин арасында аялдар 20% ашкан эмес. Боулинг менен Мартин илимдеги иш-чаралар социалдык, экономикалык жана саясий ченемдер менен гана чектелгенин аныкташкан. Аялдарды илимге тартуу учурдагы стереотиптерге (айрыкча илим аялдын иши эмес) жана аялдын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүнө (түздөн-түз басмырлоо, мугалимдердин жана ата-энелердин эркек балдардын илимий жөндөмдөрүнө көбүрөөк көңүл буруусу, эмгекти гендердик теңчилик менен бөлүштүрүү ж.б.) дагы деле көз каранды болуп келет.

STEM деген эмне жана ал эмгек чөйрөсүнүн келечегин кантип түзөт

"Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Ар кандай иликтөөлөрдүн маалыматтары боюнча, 2050-жылга чейин көптөгөн заманбап кесиптер жоголот", - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандын гендердик маселелер боюнча адиси Жыпара Турмаматова. - Азыр автоматташтыруу, компьютерлештирүү, санариптештирүү жүрүп жатат. Ал эми бүгүнкү биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери балдары колледжге барганда же кесип тандоодо кайсы кесиптерге суроо-талап болорун билишпейт. Биз өспүрүмдөр менен көп иштештик жана алардын жаңы кесиптерге багыты жок экендигин көрдүк. Эгерде, ата-энелер өспүрүмдөргө адистикти тандоодо жардам беришсе, көбүнчө "ишенимдүү кесиптер" жөнүндө болгон тажрыйбасына таянышат. Эң жакшысы - баланын жөндөмүн эске алуу керек. Келечекте кандай адистиктер пайда болору жөнүндө дээрлик эч ким ойлонбойт".

Адистердин белгилешинче, келечектеги эмгек чөйрөсүнүн калыптанышында STEM деп аталган багыттар (илим, технология, инженердик жана математика) маанилүү роль ойнойт.

Маалымдама

Дүйнөлүк экономикалык форумдун "Жумуш орундарынын келечеги" (2020) баяндамасына ылайык, өнөр жай 4.0 (төртүнчү өнөр жай революциясы) тармагындагын өсүп-өнүгүүлөр STEM тармагындагы чеберчиликке жараша болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөрдөн улам 97 миллион жаңы жумуш орундары пайда болуп, 85 миллион жумуш орундары эскирип калышы мүмкүн.

"STEM-билим берүү (Science - илим, Technology - технолгия, Engineering - инженерия, Mathematics - математика) - бул табигый илимдер менен инженердик предметтерди бирдиктүү системага бириктирген модель. Анын өзөгүндө интеграцияланган мамиле: биология, физика, химия жана математика өзүнчө эмес, чыныгы технологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бири-бирине байланыштуу окутулат. Мындай ыкма илимдин же технологиянын бир тармагы боюнча көйгөйлөрдү эмес, жалпылап кароого үйрөтөт", - дейт билим берүү жана илим министрлигинин медиа эксперти Тагжана Айдаралиева. - Жеке мага STEM-а долбоору көбүрөөк жагат. Анткени, биз баарыбыз жогорку технологиялуу, экологиялык таза унааларды айдагыбыз келет, ошол эле маалда ал унаалар кооз, эстетикалык болушун каалайбыз, чынбы? Демек, искусство ушул төрт илимди бириктирген кызыл жип менен жүрөт".

Маалымдама

Бүгүнкү күндө STEM-адистери дүйнөлүк эмгек рыногунда эң көп муктаждык жараткан адамдар. АКШнын Эмгек статистикасы бюросунун талдоочуларынын божомолуна ылайык, жакынкы он жылда адам ресурстарына болгон муктаждык башка адистиктерден 76% ашып түшөт. Бир гана америкалык базар 10 миллионго жакын адамды талап кылат. Ал эми окуу темпинин өсүшүнө карабастан кадрлардын тартыштыгы сакталып турат. 2020-жылы Кытайдын өнөр-жай ишканалары санариптик технологиянын аркасында 4 триллион доллардан ашык кошумча киреше алышкан.

"Мындан тышкары заманбап бизнеске долбоордук көз карашы бар, топто иштөөнү жана аны жетектөөнү билген адистер керек. Ошондуктан STEM - билим берүү өзүнүн долбооруна "ийкемдүү" көндүмдөрдү өнүктүрүүнү киргизип жатат", - дейт Тагжана Айдаралиева.

STEM эмне үчүн кыздарга керек?

Келечектеги эмгек чөйрөлөрү, албетте, эркектерге да, аялдарга да таасир этет. Бирок жасалма интеллект, 5G жана интернет сыяктуу технологиялардын жана инновациялардын өнүгүшү таптакыр жаңы жумуш орундарын жаратат. Ал маалымат илиминде, инженерияда жана информатикада, башкача айтканда, салттуу түрдө эркектердин жумушу деп эсептелген тармактарда квалификациялуу жумушчуларга болгон муктаждыкты жогорулатат. Адатта аялдар басымдуулук кылган тейлөө жана мейманкана бизнесиндеги жумуштар автоматташтыруудан улам эскирип баратат.

"Биз Кыргызстанда өндүрүштөгү аялдардын саны кыскарып жатканын көрүп жатабыз. Аялдардын эмгек рыногуна катышуусу абдан төмөндөп баратат. Бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизет. Мындан тышкары эмгек рыногу өзгөргөндө дал ушул аялдар биринчи кезекте жапа чегет", - дейт Жыпара Турмаматова.

Кыргызстанда кырдаал тынчсызданууну жаратууда. Ар бир үчүнчү кыз гана компьютердик сабаттуулукка ээ (ЮНИСЕФтин изилдөөсү, 2022-жыл). Ал эми STEMдин бүтүрүүчүлөрүнүн 31,1% гана кыздар (Дүйнөлүк банктын изилдөөсү, 2018-жыл).

"Дагы бир чоң көйгөй - социалдык ченемдерин жана коомдогу системалык тоскоолдуктардан улам аялдар менен кыздар көбүнчө STEM тармагындагы предметтер жана кесип менен алектенүүгө ишениминин жоктугу", - деп белгилешет ЮНИСЕФтин адистери.

"Роза Исаковнанын демилгеси менен Роза Отунбаеванын фонду бир нече жылдан бери STEM долбоору боюнча иш алып барууда. Биринчи жылы биз бул багытта иштеген 200 адамды топтошубуз керек болчу. 365 кыз келди. Ошол эле учурда алардын 10 гана пайызы анкета жүргүзүү учурунда STEM`ге байланыштуу багыттарды тандашкан. Калгандары гуманитардык илимдер дешкен. Ошол 10% дын көбү математик же жеңил өнөр-жай технологу болгулары келген. Эч ким архитектор, инженер, айыл чарба адиси болгусу келген эмес", - дейт "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова.

Эмне үчүн кыздар STEM багыттарын сейрек тандашат

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча табигый илимдерде олуттуу гендердик ажырым сакталып турат.

Аял изилдөөчүлөр кыскараак жана азыраак маяналуу карьерага ээ болушат. Алардын эмгектери белгилүү журналдарда аз чагылдырылган. БУУнун 2024-жылдагы баяндамасында - айымдар кызматтан көтөрүлүүдө көп учурда четте калышаары жазылган.

"Тилекке каршы, ата-энелер кыздын өз каалоосу менен кесип тандоосуна көп жолтоо болушат. Алар: "Бул сенин жумушуң эмес", "Бул эркек балдардын адистиги", "Бул кыздардын кесиби эмес", "Кантип геолог болосуң?", "Кантип архитектор болосуң?", "Кантип куруучу болосуң?", "Энергетикада кантип иштейсиң?" дешет. Мына ушундай тоскоолдуктар бар", - деп өз иш тажрыйбасы менен бөлүштү Роза Кайыкова.

Жыпара Турмаматова долбоорду ишке ашырууда кыздар менен гана эмес, алардын ата-энелери менен да иштешүүгө туура келгенин белгилейт.

"Биринчи кезекте кыздардын дүйнө таанымын өзгөрттүк. Бир мисал, биздин биринчи сабагыбызга кыз чоң энеси менен келди. Ал кыз менен чоң энеси бир жума бою бардык сабактарга катышып турушту. 1 апта аралыгында ал жөн гана "кыздардыкы эмес" кесиптер боюнча өз оюн эле өзгөртпөстөн, биздин жардамчыбыз да болуп калды. Айылдагы кошуналарынын үйлөрүн кыдырып, башка ата-энелерге барып, долбоор жакшы экенине ынандырып жатты", - дейт Жыпара Турмаматова.

Кыздардын өздөрү да долбоорго катышканга чейин STEM-жолдомо жөнүндө ойлонбогонун айтышат. Көптөгөн кыздар үйдө отурууну көздөгөндүктөн, олуттуу билим алууну такыр ойлобогонун белгилешкен. Кээ бирөөлөр илим кызыксыз же бул билимди сиңире албай калабыз деп ойлошкон. Алардын арасындагы бир кыз "эркектер" чөйрөсүнө баруудан уялганын кошумчалады.

Жыпара Турмаматованын айтымында, долбоордун алкагында кыздар, алардын ата-энелери жана мугалимдери менен гана эмес, жалпы эле билим берүү системасы менен да иш алып барылган.

"Биз билим берүү министрлиги менен мугалимдер балдарды стереотипсиз окутуп, техникалык тармакта кыздарды, балдарды бирдей колдоого алуусу үчүн иштеп жатабыз", - деди Жыпара Турмаматова. - Биз бул нерсени кыздарга, балдарга жаштайынан - бала бакчаларда, мектепте, кийин ЖОЖдордо улантышыбыз керектигин түшүнөбүз. Азыр жеке сектор менен иштөөнү бекемдөө аракетиндебиз. Башкача айтканда, эгер кыз аялдар аз болгон кесипти тандаса, жеке сектор же бизнес болобу эң башкысы ал - коопсуз чөйрө болушу керек жана ал дискриминациясыз активдүү түрдө өз кыялын ишке ашыра аларын түшүнүүсү зарыл".

Бул багытта биринчи кадам жасалды. Жаңы окуу китептеринде дискриминацияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүү методикасы өзгөчө табият таануу предметтериндеги стереотиптердин алдын алуу боюнча көрсөткүчтөрдү камтыйт. Жаңы окуу китептери бул жагынан тең салмактуу болот.

Маалымдама

Кыздардын илимий сабактарга болгон кызыгуусуна ал предметтердин мектепте кандайча окутулганы, анын ичинде тиешелүү окуу китептеринин мазмуну жана дизайны, гендердик жактан сезимтал экендиги да таасир этет. Гендердик стереотиптерди жана бейкалыс пикирлерди, анын ичинде аларды билим берүүдө көрсөтүү жана чагылдыруу маселелери Кыргызстандын гендердик жана аялдар ӨЭУ тарабынан көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. 2016-жылы К. Аденауэр фонду менен БИОМ экологиялык кыймылынын Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылган "Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү өнүктүрүү тармагындагы реформаларга стимул берүү жана мониторинг жүргүзүү" долбоорунун алкагында, гендердик эксперттер Кыргызстандын окуу китептеринин гендердик стереотиптердин кайталанышына, гендердик дискриминацияны пропагандалоо, гендердик артыкчылыкка жол бербөө жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкеш келүүсүн баалап жана көз карандысыз мониторинг жүргүзүшкөн. Анда физика, математика, химия, информатика окуу китептериндеги бир катар бузуулар аныкталган.

В 2016 году гендерные эксперты в рамках проекта "Стимулирование и мониторинг реформ в области развития образования КР", реализованного Фондом им. К. Аденауэра и ЭД "БИОМ" при поддержке Европейского союза, провели независимый мониторинг и оценку соответствия школьных учебников Кыргызстана требованиям законодательства о недопущении воспроизводства гендерных стереотипов, пропаганды гендерной дискриминации, гендерного превосходства. В отношении учебников по физике, математике, химии, информатике был выявлен целый ряд нарушений.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарандык коомдун гендердик эксперттери менен биргеликте жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (ЕС, ЮНИСЕФ, ПРООН, БУУ Аялдар, БУУ АУЖКБ) менен кызматташтыкта олуттуу иштер аткарылды. Атап айтканда, окуу китептерине дискриминацияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүү методологиясы иштелип чыкты. Алар апробацияланды жана бекитилди. Экспертиза жүргүзүү тартиби жана жол-жоболору, аны өткөрүү боюнча эксперттердин тизмесин түзүү тартиби бекитилди.

Шыктандыруучу окуялар: Физика боюнча Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылып келет. Бул абройлуу сыйлыкка беш гана аял (2023-жылга чейин) ээ болушкан. Алардын биринчиси Мария Склодовская-Кюри болгон. Ал 1903-жылы жолдошу Пьер Кюри менен бирге физика боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Мындан тышкары Нобель сыйлыктары (дүйнөлүк сыйлыктардан тышкары) бир гана жолу берилиши мүмкүн. Бирок сыйлыктын тарыхында өзгөчө учурлар болгон. Беш адам Нобель сыйлыгын эки жолу алышкан. Алардын арасында бир аял бар. Бул дагы Мария Склодовская-Кюри болгон. Ал 1903-жылы физика жана 1911-жылы химия боюнча сыйлыкка ээ болгон (экинчи жолу жалгыз алган).

Бирок бул чек эмес. 1935-жылы Нобель сыйлыгы Кюри аттуу аялга буюрган. Ирен Жолио-Кюри - Фредерик Жолио - Кюри менен биргеликте химия боюнча Нобель сыйлыгын алган Мария менен Пьердин тун кызы. Буга ылайык, Ирен Жолио - Кюри биринчи (жана азырынча жалгыз) Нобель сыйлыгынын лауреаты (эркектер, аялдар арасында да), мурунку Нобель лауреаттарынын баласы болгон жалгыз адам.

"Чындыгында, эркек балдарга кыздарга караганда STEM илимде жакшы багыт бере турган анатомиялык өзгөчөлүктөр жок", - дейт Тагжана Айдаралиева. - Андан тышкары, ЖРТ көрсөткүчү кыздарда эркек балдарга караганда жогору. Ал эми көптөгөн кесиптерде физикалык күчтүн кереги жок. Мисалы 1970-жылдары энергетикада, 1980-жылдары да физикалык күчтү талап кылчу өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттар болгон жана аларды иштетүү үчүн чоң күч керек болчу. Ошондуктан ал жакка эркектер гана барышчу. Бүгүнкү күндө мунун баары компьютердеги бир баскычты басуу менен жасалат. Бул жерде эч кандай күч талап кылынбайт. Бирок көңүл буруу, көп функционалдуу болушу керек. Бул тапшырмаларды аялдар сонун аткарып жатышат.

Мунун эмне кереги бар

"Биздин өлкөдө 15 жаштан 24 жашка чейинки эркектердин 10 пайызы жемиштүү иш-аракеттерге катышпайт. Башкача айтканда, алар иштебейт же үйрөнүшпөйт. Ал эми аялдардын үлүшү 22% түзөт. Элестетип жатасызбы? 15-24 жаштагы кыз-келиндердин 22% үйдө отурушат. Биздин максатыбыз, ЮНИСЕФ катары, биринчиден, бул категориядагы жаштардын санын, экинчиден, гендердик ажырымды кыскартуу. Бул куракта кыздар көп кыйналбай, жемиштүү иштерге да активдүү тартылышы керек", - дейт Жыпара Турмаматова.

STEM тармагына кыздарды тартуу дагы экономикалык эффективдүүлүктүн маселеси. Бул аялдарга өз кирешелерин, үй-бүлөсүнүн кирешесин жана натыйжада бүтүндөй мамлекеттин казынасын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары STEM илим жаатындагы гендердик ажырым - бул жөн гана "аялдар менен кыздарды мотивациялоо" маселеси эмес. Эркектерге багытталган илим аялдардын муктаждыктарын дайыма эле чече бербейт. Мындай мисалдар көп. Алардын бир нечесине токтолсок.

Аутизмди аныктоодо чоң ажырым бар. Анткени эркек илимпоздордун изилдөөлөрү аялдар менен кыздардын өзгөчөлүктөрүн эске албай, негизинен эркектер менен балдарга багытталган. Натыйжада "аутизм" диагнозу эркек балдарга караганда кыздарга кеч коюлат. Демек, керектүү медициналык колдоо кечирээк башталат. Албетте, ал жашоо сапатына таасирин тийгизет.

Жол кырсыгынан аялдар эркектерге караганда оор жаракат алышат. Изилдөөчүлөр муну автоунаа өндүрүүчүлөр краш-тесттерде жана виртуалдык симуляция технологияларында физиология боюнча орточо эркекке жакын типтүү "манекендерди" колдонгону менен байланыштырышат.

Базарга жетишсиз же туура эмес изилденген контрацептивдер жана кыз-келиндердин айызына тиешелүү товарлары кирет. Кадимки мисал - НАСАнын кызматкерлеринин сунушу (тамаша эмес!) космоско учкан аялды бир жумалык миссиясы үчүн 100 тампон менен жабдуу аялдын организминин кандай иштешин терең билбегендигин көрсөтөт.

Шыктандыруучу окуя: Биотехникалык EnsiliTech стартабынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору болгон кыргызстандык химия илимдеринин профессору Асел Сартбаева алдын ала каржылоо катары 1,2 миллион фунт стерлинг чогултту. Патенттелген технология - энсиликация - бөлмө температурасында коопсуз жана туруктуу болушу үчүн учурдагы жана жаңы биофармацевтикалык каражаттарга колдонулушу мүмкүн.

Асель Сартбаева "илимдеги кыздар" программасынын элчиси болуп саналат.

Көрүнүп тургандай, кыздардын илимге жана изилдөөгө болгон кызыгуусун сактоо коомго пайдалуу. Бул белгилүү бир аялдын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен жарыяланды. Kaktus.media басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16375