Жол кайгуул кызматы: Кырсык учурунда Иса Өмүркуловдун уулу мас абалда болчу экен
RU

Жол кайгуул кызматы: Кырсык учурунда Иса Өмүркуловдун уулу мас абалда болчу экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кырсык учурунда депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов мас абалда болгон. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 15-майда Азамат Өмүркулов Porsche Panamera унаасын айдап бара жатып, Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, бурулуп жатып велосипедчен 1992-жылы туулган М.Ж.ны сүзүп алган

Кырсыктан кийин Өмүркулов наркологиялык клиникага жеткирилип, алгачкы анализ организмде алкоголь бар экендигин тастыктаган.

Жабырлануучу ошол замат Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирилген.

Эскерте кетсек, жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган кызга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы болгон эмес жана ал арыз жазуудан баш тарткан.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155 "Жол кыймылынын коопсуздугун жана автомобилдерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Зарыл экспертизалар дайындалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кылмыштарды каттоо тизмесине тиркелди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1637