"Кыргызалтынга" "Центерранын" акциялары менен иштөөгө тыюу салынды
RU

"Кыргызалтынга" "Центерранын" акциялары менен иштөөгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Centerra Gold Inc. "Кыргызалтынга" өз акциялары менен иш жүргүзүүгө тыюу салган. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылат.

Белгилүү болгондой, канадалык компания Кыргызстандагы акыркы окуялардан кийин "Кыргызалтын" ЖАКка жана анын филиалдарына "Центерра Голд Инк." Компаниясынын жөнөкөй акцияларын өткөрүп берүүгө жана күрөөгө коюуга, ошондой эле мындай акцияларга берилген ар кандай добуш берүү укугун колдонууга тыюу салган.

Мындан тышкары "Центерранын" акциялары боюнча дивиденддер жана башка төлөмдөр, адатта, "Кыргызалтын" жана анын филиалдары аркылуу эсептелип келчү, эми "Кумтөр Голд Компанинин" активдери же операциялары менен байланышкан төлөмдөр мамлекеттик көзөмөл кызматынан канадалык компанияга өтөт.

Муну менен катар, "Кыргызалтын" жана анын филиалдары "Центеррадагы" үлүштөрү боюнча, түшүнбөстүктөр же кандайдыр бир ыйгарым укуктар пайда болсо ал укуктарга ээ боло алышпайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1640