Жоламан, Амантур, Раззак. Биздин балбандар Польшадагы эл аралык турнирде финалга чыгышты
RU

Жоламан, Амантур, Раззак. Биздин балбандар Польшадагы эл аралык турнирде финалга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан "Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open" рейтингдик турниринде грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар ишенимдүү түрдө финалга чыгышты.

Жоламан Шаршенбеков финалга чейинки беттештеринде адаттагыдай атаандаштарына бул ирет да бир да упай берген жок. Ал эми финалда украиналык Никита Дементьев менен кез келет.

Эң кызыктуусу биздин эки балбан - Раззак Бейшекеев жана Амантур Исмаилов 76 кг салмакта күрөшүп, финалга чыгышты. Эми кыргызстандык спортчулар бул салмакта бири-бирине каршы кез келет. Демек, Кыргызстандын капчыгында бир алтын бир күмүш байге бар.

Эске салсак, буга чейин Акжол Махмудов аталган рейтингдик мелдеште алтын жеңсе, Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16419