Бишкекте жеткирүү кызматында иштеген 20дан ашык чет элдиктин иши токтотулду
RU

Бишкекте жеткирүү кызматында иштеген 20дан ашык чет элдиктин иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин аймагында мотоциклдин катышуусундагы жол кырсыктарынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандар арасында кеңири профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, рейддин алкагында 1 күндө эле 20дан ашуун чет өлкөлүк жарандын эмгек ишмердиги токтотулду. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин негизинде 22 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 121 миң сомду түзгөн айып пул салынган.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирген чет элдиктерге, Кыргыз Республикасы аркылуу чет элдиктердин өтүүсүн мыйзамсыз уюштургандарга мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16423