Канаданын көңүлү калды. Министрлердин "Кумтөр" боюнча биргелешкен билдирүүсү
RU

Канаданын көңүлү калды. Министрлердин "Кумтөр" боюнча биргелешкен билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын "Кумтөрдүн" тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүүсүн жарыялашты. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн релизде айтылган.

"Канада Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагында уланып жаткан окуяларга тынчсызданууда. Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында "Центерра Голдго" көзөмөл жүргүзүү үчүн "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы тууралуу билдирүүгө таңданып

турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал"

Ошондой эле Канада чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданат.

COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин

экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1642