ЖРТнын жыйынтыгы. "Алтын сертификат" алчулардын тизмеси
RU

ЖРТнын жыйынтыгы. "Алтын сертификат" алчулардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Белгилүү болгондой, эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы "Мээрим-Себат" Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова алды.

"Алтын сертификат" алуу укугуна:

  • Бишкек шаарынан – 34;
  • Чүй облусунан – 7;
  • Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6;
  • Жалал-Абад облусунан – 3;
  • Нарын облусунан – 3;
  • Талас облусунан – 2;
  • Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16433