ЖРТ упайлары "сатылган" Telegram каналын УКМК тескөөгө алат
RU

ЖРТ упайлары "сатылган" Telegram каналын УКМК тескөөгө алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) суроолорунун жооптору керек болсо аны түзүп жаткан биздин мекемеде дагы жок деп Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева Kaktus.media редакциясына агынан жарылды.

Башкача айтканда, ЖРТ-2021ге упай сатып алууну шылуундар гана сунуш кыла алат. Ал эми жарандардан алардын тузагына илинип калбоосун өтүнөт элем.

Батракееванын айтымында, алар атайын коррупцияга каршы чараларды көрүшкөн жана ЖРТга чейинки тесттердин ачкычтарын (туура жоопторун) түзүшпөйт. Бул аларды сатуунун алдын алыш үчүн жасалат.

Бир дагы кызматкер, Билим берүү министрлиги, Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору бир дагы балл сатпайт, анткени андай болушу мүмкүн эмес. Туура жооптор бүткүл Кыргызстан боюнча тестирлөө жүргүзүлгөндөн кийин гана түзүлөт.

"Бардык балдардын жооп барактары сканерден өткөндөн кийин өзүнчө дискке жазылат. Диск Билим берүү министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен банк уячасына жайгаштырылат. Андан кийин, иштеп чыгуучулар жөн гана чогулуп, ачкычтарды топтой башташат. Андан кийин мунун бардыгы компьютерге жөнөтүлүп, система өз алдынча эсептей баштайт", - деп билдирди Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун башчысы.

Эске салсак буга чейин бүтүрүүчүлөргө ЖРТ-2021ге упай сатып алууну сунуштаган, ал тургай баалары көрсөтүлгөн Telegram каналы пайда болуп, коомчулукта чуу жараткан.

Батракееванын айтымында, бир жума мурун алар бул канал жөнүндө УКМКга билдиришкен, ал жерде тергөө иштерин жүргүзүп, алдамчыларды аныкташ керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1644