Лазат Нуркожоеванын болочок жолдошу тик учактын ижарасына канча төлөгөнү белгилүү болду
RU

Лазат Нуркожоеванын болочок жолдошу тик учактын ижарасына канча төлөгөнү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ведомстволук учактын башка максатта пайдаланылышы боюнча, тагыраагы, Лазат Нуркожоевага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасоодо тик учактын пайдаланылышы боюнча комментарий берди.

Министрликтен белгилешкендей, 21-июнда жеке жак менен тик учакты бир саатка ижарага алуу боюнча келишим түзүлүп, акча төлөнгөндөн кийин 24-июнда 56 мүнөткө созулган рейс болгон.

"Бул үчүн Афтандил Сабырбековдун атынан кассага 157 миң 662 сом төлөнгөн", - деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.

Министрлик буга чейин мамлекеттик муктаждыктардан тышкары коммерциялык максат үчүн да тик учактардын үч түрү алынганын эске салды. Тик учактарды мамлекеттик жана министрликтин тапшырмалары үчүн пайдалануу боюнча чыгымдар бюджеттик каражаттардын эсебинен жабылат. Ал эми жеке адамдардан түшкөн акча мамлекеттик бюджетке түшүп, жаңы тик учактарды сатып алууга же учурдагыларын тейлөөгө жумшалат.

Эгерде тик учактар ​​иштетилбесе, анда белгилүү бир убакыттан кийин алар учууга жараксыз болуп калат деп кошумчалашты ӨКМдан.

Жеке жактар H-125 Airbus тик учагын тиешелүү келишим түзүү менен саатына 157 662 сомго же H-145 Airbus тик учагын саатына 262 770 сомго ижарага ала алышат. Бул тууралуу толук маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик авиациялык издөө-куткаруу мекемесинин Instagram баракчасынан алса болот.

Эске салсак, 24-июнда Лазат Нуркожоеваны сүйүктүүсү тик учак менен жаратылыш паркына алып барып, баш кошуу сунушун жасаган. Бул интернет колдонуучулардын сын-пикирлерин жараткан. Талкуудан улам президент бул көрүнүшкө комментарий берип, карындашы үчүн элден кечирим сурады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16463