Эл артисти Сагынбек Ишенов акыркы сапарга узатылды
RU

Эл артисти Сагынбек Ишенов акыркы сапарга узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер жана кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов бүгүн, 28-июнда акыркы сапарга узатылды.

Белгилей кетсек, 27-июнда Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында көз жумду. Эл артисти Улуттук гвардиянын ардак кароолу менен узатылды.

Маркумдун сөөгү өзүнүн туулган жери Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылына коюлат.

Өмүр баяны жана эмнек жолу

  • Сагынбек Ишенов 1934-жылы 5-апрелде Чүй облусундагы Дөң-Арык айылында төрөлгөн.
  • 1951-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе көркөм сүрөт училищесине тапшырып, 1955-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы Бүткүл Союздук Мамлекеттик Кинематографисттер Институтунун "көркөм сүрөт" факультетине тапшырып, 1961-жылы "сүрөтчү коючу" адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

  • 1961-жылы "Кыргызфильм" киностудиясына ишке кирип, 1962-жылы кинорежиссёр Мелис Убукеевдин "Тоо суусу" даректүү тасмасында;
  • 1963-жылы режиссёр Марианна Рошальдын "Космонавттар көчөсү": 1965-жылы Бекеш Абдылдаевдин "Тил алчаак";
  • 1966-жылы Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмдеринде сүрөтчү-коючу катары иштөө менен баштаган.
  • Сагынбек Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын да жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алды.
  • 1976-жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган "Кыргызмультфильмге" жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон "Сандардын чатагы" экранга чыккан. Андан тышкары "Олокон", "Меке чал менен Кара дөө", "Эки бөжөк", "Портрет", "Толубай сынчы", акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн "Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов" аттуу мультипликацияларды чыгарган.
  • 1966-жылы СССР Кинематографисттер Союзуна, 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр Союзуна мүчөлүккө алынган.
  • 1992-жылы бир топ жылдык эмгеги эске алынып, Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16478