"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурунку жетекчиси Василий Дашков камакка алынды
RU

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурунку жетекчиси Василий Дашков камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын генералдык директору Василий Дашков УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынып, УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жеке булактар билдиришти.

Белгилүү болгондой, Дашков бүгүн, 18-майда камакка алынды. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, ал коррупцияга шектелип жатат.

Эске слсак, Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасында 2006-жылдан бери иштеп келген. 2020-жылдын апрель айында мекеменин жетекчиси болуп дайындалган. Журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров 18-февралда биргеликте жасаган иликтөөсүн жарыялашкан. Анда Дашков тендердеги подряддарды өзүнүн компанияларына бергендиги тууралуу айтылат. Кийин социалдык тармактарда Дашков өлкөдөн чыгып кетти, деген ушак-айыңдар болгон (Дашков Садыр Жапаровдун иш сапарына даярдык көрүү алкагында Россияга барып келген. - эск. Kaktus.media). Дашковдун ишмердүүлүгү тууралуу акыркы билдирүүлөр 16-17 мартта берилген. Ал анын Өзбекстанга болгон иш сапарына байланыштуу.

2021-жылдын март айынын соңунда Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директорлук кызматынан бошотулган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1648