Ошто жасалма долларга iPhone сатып алгандар кармалды
RU

Ошто жасалма долларга iPhone сатып алгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда iPhone телефонун сатып алган жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү телефонду жасалма долларга сатып алган.

Маалым болгондой, Кара-Суу шаарынын 2006-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 11-июнда белгисиз жаран 2 iPhone 14 Pro телефонун сатып алганын, акчасы жасалма экенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, күмөн жараткан 1400 долларга соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, акча түстүү принтерден чыгарылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде 233-берене (Жасалма акчаны же баалу кагаздарды жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Р.А. жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1992-жылы туулган Б. уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16513