Жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды
RU

Жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 2-июлда президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азис Сапаралиев Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилесек, президенттин жарлыгы менен Мелис Тургунбаев Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган. Парламент Тургунбаевди 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16514