"Сосновка", "Кара-Көл" постторунда терминал аркылуу төлөм системи киргизилет
RU

"Сосновка", "Кара-Көл" постторунда терминал аркылуу төлөм системи киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" жана "Кара-Көл" постторунда унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөө системасын киргизүү мерчемделүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда накталай эмес төлөм системасы тесттик режимде ишке киргизилди.

Министр Тилек Текебаев "Сосновка" өткөрмө постуна барып, тесттик режимде ишке киргизилген система менен таанышты дешет мекемеден.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алган министр иш жүзүндө пайда болгон айрым майда кемчиликтерди жоюу менен элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын берди.

Накталай эмес төлөм системасы азыркы тапта терминал аркылуу ишке ашырылып жатат.

Транспорт министрлиги буга чейин төлөм топтоо көзөмөлүн күчөтүү максатында "Сосновка" жана "Кара-Көл" постторунда видеокамералар орнотулуп, анын жыйынтыгында төлөм чогултуудан түшкөн каражаттын көлөмү кескин жогорулаганын кошмучалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16515