Нурай Марс президенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал 29 жашта
RU

Нурай Марс президенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал 29 жашта

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурай Марс президенттик администрациясынын малыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Нурай Марс 1991-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку, 2015-жылы Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Учурда Кыргыз экономика университетинде финансы жана кредит факультетинде "Коомчулук менен байланыш түзүү адиси" адистигинде билим алып келет.

2017жылдан - 2021-жылдын 18-майына чейин, КРдин Улуттук банкынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

2010-2011 жана 2013-2014-жылдары Бишкек шаардык мэриянын коомчулук менен байланышуу башкармалыгында жетекчинин орун басары.

2013-жылы Жергиликтүү башкаруу жана этника арасындагы мамилелер мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1652