Ошто "Золотая жизнь" суусундугу сатыктан алынууда
RU

Ошто "Золотая жизнь" суусундугу сатыктан алынууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан шаардагы соода түйүндөрүнөн "Золотая жизнь" деген газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бул иш-аракеттер Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

"Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген "азорубин Е 122" боёгун камтыйт деп табылган", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16532