Ошто жаңы автобустар каттамга чыкты
RU

Ошто жаңы автобустар каттамга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында бүгүн, 4-июлдан тарта жаңы автобустар каттамга чыкты. Ош шаардык Автоунаа муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда 20 автобус каттамга чыкты.

Маалым болгондой, шаардагы №143 маршруттук каттам чыгарылып, ордуна №43 автобус каттамы киргизилди. Автобустар Актилек кичи районунан баштап Манас-Ата аймактык башкармалыгына чейинки аралыкты камтып, 6-7 мүнөттүк аралык менен каттайт.

Калган автобустар каттамга бир нече күндөн кийин зарылчылыкка жараша чыгарылат.

Эске салсак, Ош шаарына 100 жаңы автобус алып келинген. Буга чейин номерлерди каттоо иштери жүрүп, айдоочулар атайын окуудан өткөрүлдү. Автобуста 25 орундук бар, сыйымдуулугу 56 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Салондо уюлдук аппаратты кубаттаган түйүн жана шамалдаткыч бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16538