УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды
RU

УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 13-майында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү учурунда, Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 кгдан ашык болгон баңгизат (героин) табылды. Кармалган героиндин учурдагы базар баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген КРдин эки жараны кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затынын колго түшүрүү мүмкүнчүлүгү болду.

Маалымат катары: 2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1654