Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды
RU

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды. Комитеттин маалыматына ылайык, ал опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору А.С.С. 1000 доллар алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16551