БШК 3 округда өткөн шайлоонун экөөсүн таанып, жыйынтыгын чыгарды
RU

БШК 3 округда өткөн шайлоонун экөөсүн таанып, жыйынтыгын чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-июлда бир мандаттуу Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Свердлов району боюнча шайлоого беш талапкер катышып, эң көп – 10623 добушка ээ болуп, шайлоочулардын 65%дан ашуун добушуна ээ болгон Жумабек Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду.

  • Ысык-Көл району боюнча шайлоого 14 талапкер катышып, жыйынтыгында Айжигит Тыналиев бул округдан 3498 добуш алды. Бул шайлоочулардын 16% түзөт.
  • Муну менен Борбордук шайлоо комиссиясы эки округдагы шайлоону өттү деп тааныды.

Ноокат шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Анткени аталган округдагы шайлоого байланыштуу көптөгөн даттануулар түшкөн. Азыр БШК жана укук коргоо органдары арыздарды карап жатат. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, аталган округдан Бакытбек Марипов көп добуш жыйнаган.

Белгилесек, бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 30-июнда өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16553