Тажикстандык ырчы Манижа "Евровидение" сынагынын финалына чыкты
RU

Тажикстандык ырчы Манижа "Евровидение" сынагынын финалына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын намысын коргоп "Евровидение" сынагына катышып жаткан тажикстандык Манижа аттуу ырчы финалга чыкты. Биринчи жарым финал шейшемби күнү кечинде, Роттердам шаарынын Ahoy аренасында өткөн. Жарым финалдын жыйынтыгы телекөрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсүнүн натайыжасында аныкталды. Бул тууралуу конкурстун расмий Twitter-аккаунтуна жазылган.

Сынактын финалына Россиядан тышкары төмөнкү өлкөлөрдөн келген катышуулар өтүштү: Норвегия, Израиль, Азербайжан, Мальта, Литва, Кипр, Швеция, Бельгия жана Украина.

Экинчи жарым финал 20-майда өтүп, анын жыйынтыгы менен да 10 катышуучу иргелет. Ал эми финалдын өзү 22-майда болот. "Чоң бешилтиктин" башкача айтканда, сынакты негиздеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү автоматтык түрдө финалга өтөт. Алар: Франция, Германия, Италия, Испания, Улуу Британия. Андан тышкары мурунку сынакта жеңишке жеткен өлкөнүн аткаруучусу да сынактын финалына катышат. Бул ирет - Нидерланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1657