Троллейбус айдоочулары жолдор оңдоого жабылып, жумушубуз жок калды дешет. Ишкананын жообу
RU

Троллейбус айдоочулары жолдор оңдоого жабылып, жумушубуз жок калды дешет. Ишкананын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек троллейбус башкармалыгынын" айдоочулары жолдор оңдолуп бүткөнчө жумушу жок калабыз деп кооптонушууда. Себеби, азыр Бишкектин негизги троллейбус линиялары бар жолдордо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мындан улам айдоочулардын айрымдары жумушсуз калып, насыя төлөй албай кыйналып жаткандарын айтышты. Алар жетекчилик жыйын кылам деп сөз берип, маселе чечилбей жатат деп нааразы болуп Kaktus.kg редакциясына кайрылышты.

Атын атагысы келбеген айдоочу айым "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" администрациясына кайрылып, эч маалымат бербей жаткандарына нааразы болду.

"Өткөндө эле жыйналышка келгенде айтпадыңар беле: "Т" категориясы барларга жеңилдиктер болот деп. "Д" категориясын караганы жатабыз дегенде биз кол чаап, сүйүндүк элек го. Азыр анын бири жок. Азыр сөз берип, бирок иш жүзүндө жок болуп жатпайбы", - дейт айдоочу айым.

"Эч ким жумуштан кет деген жок"

"Бишкек троллейбус башкармалыгынын" техникалык бөлүмүнүн башчысы Кубат Шаршекеев Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөө жүрүп жатканына байланыштуу негизги жолдор менен жүргөн троллейбустук линиялар токтоп турганын айтты. "Буга ылайык, башкармалык акча төлөнбөгөн эс алууга кетем дегендерди кетирип, калгандарын жумуш менен камсыздаганга аракет кылып эле жатабыз", - дейт ал.

"Бул жерде маселе деле турган жок. Биз бирөөнү жумуштан кетирип же жумуштан кыскарткан жокпуз. Болгону акча төлөнбөгөн эс алууну сурагандарга берип жатабыз. Эмгек өргүү сурагандарга өргүү берип жатабыз.

Эгерде, биздин каттамдагы жолдор ачылса троллейбустарды жүргүзө беребиз. Насыясы бар, маселеси барларды кезекке коюп линияга чыгара беребиз деп жатат жетекчилик. Иштейм дегендерге жумуш бере беришет", - дейт ал.

"128 айдоочунун "Д" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү жок"

Айдоочулардын маселесин чечүү үчүн "Бишкек троллейбус башкармалыгы" "Д" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар айдоочуларга жаңы каттамга чыгып жаткан автобустарды берип, иштей башташканын аталган муниципалдык ишкананын кыймыл курамы эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Алтай Абасканов айтат.

Бул жерде маселе "Д" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү жок айдоочулар менен болуп жатат дейт ал. Себеби, алар автобус айдаш үчүн тиешелүү тажрыйбасы, колунда күбөлүгү болушу шарт.

Алтай Абаскановдун айтымында, учурда бул башкармалыкта 260тай айдоочу эмгектенет. Алардын 130да гана "Д" категориясындагы айдоочулук күбөлүк бар. Калгандарына буга чейин эле окуп, "Д" категориясына күбөлүк алгыла деген эскертүү берилгенин айтты.

"Бүгүнкү күндө биздин баланста 260тын тегерегинде айдоочу бар. Тактап айтканда, 258 айдоочу бар. Алардын 130унда "Д" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар. Биз азыркы күндө "Д" категориясындагы айдоочуларды "Бишкек автотранспорт жүргүнчүлөр" муниципалдык ишканасына тажрыйба топтоп келүүгө жөнөтүп жатабыз. Стажировка өтүп келген айдоочуларыбыз азыркы күндө жаңы чыккан 153-жаңы Германиядан келген Isuzu маркасындагы автобустар менен каттап, иштеп башташты.

Бул жерде айдоочулардын нааразычылыгынын себеби - эски "Т" категориясы менен айдап жүргөн айдоочулар жумушсуз калабыз деген имиштерден улам болуда. Бирок азыркы учурда бардык айдоочулар "Д" категориясына стажировка өтүп, экзамен тапшырып жатышат. Эч ким жумушсуз калбайт. "Т" категориясындагылар троллейбуста эле калышат. Айдап жүрө беришет", - деди ал.

Ал эми айдоочулардын айрымдары тиешелүү күбөлүктү алуу үчүн окуганга убактылары жок экенин айтышса, айрымдары окутат деген жерде акча сурап жатышат дешти. Мындан улам айдоочулар Бишкек шаардык кеңешине маселени жеткирип, 30-40 жылдап иштеп, троллейбус айдап жүргөндөргө жеңилдетилген түрдө "Д" категориясындагы күбөлүктөрдү алууга жардам берүүнү суранышууда.

"Биз өзгөчө эч нерсени талап кылган жокпуз. Жапса анда кандайдыр бир жол менен компенсация бериши керек. Эгерде, троллейбустарды такыр эле токтотсо, анда 3 ай кенемте төлөп беришсин. Ким кеткиси келсе жөн эле кетип калышы мүмкүн. Ар бир адамдын каалоосу болот. Мисалы, мен дагы 2-3 жыл иштегим келет. Анткени, ден соолук ага жол берет. Балдарыма жардам бергим келет. Бирок менде категория жок. Эми ушундан улам мен окушум керекпи? Ооба, бул оңой эмес. Окууну жумуш жана үй-бүлө менен айкалыштыра албайм. Бул оңой эмес", - дейт айдоочу Геннадий Нарыжный.

Өз кезегинде башкармалыктын өкүлдөрү "УНАА" мамлекеттик мекемесинде күбөлүктөрдү сатып алууга болбой турганын, мыйзамга баш ийип, айдоочуларды окууга чакырышат.

Эске салсак, 8-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбордон троллейбус каттамдарынын баарв алынарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16584