Жаандан улам Караколдо ичүүчү суу көйгөйү жаралды (видео)
RU

Жаандан улам Караколдо ичүүчү суу көйгөйү жаралды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында жааган жамгырдан Каракол ичүүчү суусуз калды. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media сайтына адегенде жергиликтүү тургундар айтып, кийин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты тастыктады.

Каракол шаардык "Сууканал" муниципалдык ишканасы тоолордо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кашка-Суу суу алуучу тилкесинин тегерегине топурак түшүп кеткенин түшүндүрдү. "Тазалоо иштери жүрүп жатат, суу берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Каракол шаары Каракол жана Кашка-Суу дарыяларынан суу менен камсыздалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16591