Абитуриенттерге кулак кагыш. Жогорку окуу жайларга тапшыруу 5 тур менен өтөт
RU

Абитуриенттерге кулак кагыш. Жогорку окуу жайларга тапшыруу 5 тур менен өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга тапшыруунун мөөнөтү жана шарттары боюнча кеңири маалымат таратты.

I тур – 15–20-июль аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

II тур – 22–27-июль аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 22-24-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 24-июль саат 14:00;
  • окууга кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 25-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 25-27-июль саат 16:00гө чейин.

III тур – 29-июлдан 3-августка чейин болот

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 29-31-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 31-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 1-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 1- 3-август саат 16:00гө чейин.

IV тур – 5–10-август аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 5-7-август;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 7-август саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 8-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 8- 10-август саат 16:00гө чейин.

V тур – 12–17-август аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 12-14-август;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо - 14-август саат 14:00гө чейин;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 15-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 15 - 17-август саат 16:00гө чейин.

Эгер окуу жайларда бош орундар бар болсо кабыл алуу:

  • 19-августта саат 09:00дөн баштап 21-августка чейин жүргүзүлөт;
  • кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштырылып, абитуриенттер өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек;
  • 31-августка чейин толук отчёт Билим берүү жана илим министрлигине берилип, талапкерлердин тизмеси Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна тастыктоо үчүн жөнөтүлүшү шарт.

Жогорку окуу жайларга онлайн тапшыруунун нускамасы:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16592