Депутат парламенттин жыйынына качкын президенттерди чакыртууну сунуштады
RU

Депутат парламенттин жыйынына качкын президенттерди чакыртууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын мурунку президенттерин парламенттин жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда, Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда айтты.

Атазовдун айтымында, жакынкы күндөрдө депутаттар Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулашкан. Отчет берген Акылбек Жапаров саясатчыларды, мурунку президенттерди жана премьер-министрлерди Centerra Gold Inc. менен пайдасыз келишим түзүшкөн, деп айыптады.

"Бирөөсү Кремлде отуруп алып, интервью берип жатат, дагы бири түрмөдө. Алар бизге пйда алып келбей турган чечимдерди кабыл алышкан. Ошондуктан президенттерди чакыртып, өздөрүнөн сураш керек", - дейт Атазов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1659