Бишкек шаарында мектеп окуучусу социалдык тармак аркылуу ЖРТ-2021 суроолорун жарыялаган
RU

Бишкек шаарында мектеп окуучусу социалдык тармак аркылуу ЖРТ-2021 суроолорун жарыялаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу Республикалык тестирлөөнүн тапшырмаларын сүрөткө тартып, Интернетте тараткан. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева тастыктады.

Анын айтымында, алар буга чейин бул ишти жасаган күнөөкөрдү табышкан, ал бардыгын мойнуна алган.

Абитуриент дисквалификацияланды. Башкача айтканда, анын тестинин жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Калган окуучуларга келсек, бул жагдай алардын жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизбейт, анткени окуя тесттен өткөндөн кийин болгон.

Эми тесттирлөөдө жарыяланып кеткен тапшырмалар болбойт, башкача айтканда, бул пайдасыз маалымат. Экинчи этапта абитуриенттер башка суроолорго жооп беришет

"Башка тапшырмалар жана башка варианттар болот. Баарын караштырганбыз. Эч ким алынып салынбайт, эч кандай кайра тапшыруу болбойт. Бул экинчи этаптан өтө турган адамдарга таасир этпейт", - деп ишендирди Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1661