Нурдан Орунтаев Асман шаарынын курулушу кайсы этапта экенин айтты
RU

Нурдан Орунтаев Асман шаарынын курулушу кайсы этапта экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору Нурдан Орунтаев Асман шаарынын курулушу кайсы этапта экенин айтты. Ал бирифингде чет элдик инвесторлор долбоорго инвестиция сала баштаганын билдирди.

"Асман шаарынын курулушу боюнча алгачкы иштер башталды. Бул узак мөөнөттүү долбоор болгондуктан, курулуштун мөөнөтүн айтуу кыйын. Биринчи план боюнча, ондогон имараттар курулат, анан албетте шаар катары кеңейе баштайт. Балким бул үчүн 10 же 20 жыл керектелет. Учурда иштер башталды. Биз күтүшүбүз керек, 1-1,5 жарым жылдын ичинде алгачкы имарат курулушу мүмкүн", - деди Орунтаев.

Мамкурулуштун жетекчиси жер тилкелерин бөлүштүрүү жана пландоо иштери башталганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16623