Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты
RU

Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова 11-июлда Беларусь тараптын чакыруусу боюнча ардактуу мейман катары "Витебскдеги Славян базары" XXXIII эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты.

Салтанаттуу иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачты, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду.

"Славян базары" - 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келе жаткан эл аралык искусство фестивалы.

Белгилесек, Айгүл Жапарова маданий иш-чараларга катышуу үчүн 10-июлда Беларусь Республикасына барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16626