Мамкызматкер мектеп, бала бакчалардын директорлорунан акча чогултканга шек саналды
RU

Мамкызматкер мектеп, бала бакчалардын директорлорунан акча чогултканга шек саналды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндөгү окуу мекемелеринин жетекчилеринен системалуу түрдө пара алуу фактысы аныкталды. Анын негизинде кылмыш иши козголду дешет комитеттен.

Маалыматка караганда, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен системалуу түрдө акча каражатын "чогултуу" менен алектенери аныкталды.

Аталган кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө А.Б.Т`нын иштеген жана жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты табылды.

10-июлда жогорудагы аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16631