Улуу Британияга жумушка барууну пландаган кыргызстандыктарга англис тили акысыз окутулат
RU

Улуу Британияга жумушка барууну пландаган кыргызстандыктарга англис тили акысыз окутулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британияда иштеп келген, кайра жумушка орношууну пландап жаткан кыргызстандыктар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында англис тилин үйрөтүү боюнча акысыз курстар ачылды. Бул туурасында Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан кабарлашты.

Аталган борбордон билдиришкендей, англис тилин акысыз окутуу курстарынын экинчи этабы 15-июлда башталган. Тил үйрөтүү курсу буга чейин Улуу Британияга барып иштеп келген жана кайра барууну пландап жаткан жарандар үчүн гана жеткиликтүү.

  • Курстун узактыгы: 2,5 ай, жумасына 3 жолу;
  • Башталышы: 2024-жылдын 1-августу;
  • Катталуу үчүн: www.migrant.kg сайтындагы шилтеме аркылуу Google формасын толтуруу кажет.

Сезондук жумушчулар программасына катышуу үчүн англис тилин билүү милдеттүү эмес, орус тилин билүү жетиштүү. Акысыз англис тили курсунун башкы максаты - Улуу Британияда күнүмдүк жашоонун деңгээлиңизди жогорулатууга жардам көрсөтүү. Курска катталгандар башынан аягына чейин катышуусу зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16676