Арашан айылынын тургундарынын нааразычылыгынан кийин этно комплекске айып салынды
RU

Арашан айылынын тургундарынын нааразычылыгынан кийин этно комплекске айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Арашан айылынын тургундарынын нааразычылыгынын негизинде этнографиялык комплексинде пландан тышкары текшерүү жүргүзулдү. Жыйынтыгында эс алуучу жайга айып салынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Белгилесек, Арашандын тургундары этно комплекстен аккан саркынды суулар өзөнгө кошулуп жатканын, тургундар ошол өзөндүн суусун ичерин белгилешип, чара көрүүнү суранышкан.

Бул маалыматтын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Экономика жана коммерция министирлигинин макулдашуусунун негизинде пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында этнографикалык комплекске "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 236-беренесине ылайык, 28000 сом айып пул салынды.

Айып пул толугу менен мамлекеттин казынасына төлөндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16688