Максат айылынын тургундары жаңы документтерин алышты
RU

Максат айылынын тургундары жаңы документтерин алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

МККнын калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18и, ошондой эле 38 туулгандыгы жөнүндө жана 6 нике күбөлүгү берилген.

Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынды. Аларга жаңы биометрикалык паспорттор даяр болору менен берилет. Документтерди Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана айыл башчысы Максат Кубатбек Нышанов расмий тапшырышты.

Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер МККнын кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1668