Соттук отурумдарды түз алып көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору сунушталды
RU

Соттук отурумдарды түз алып көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юстиция министрлиги көчмө жыйын өткөрүп, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштады.

Демилге соттук отурумдарды түз алып көрсөтүүнү киргизүү жана соттук териштирүүлөр учурунда аудио, видео жазууну милдеттүү түрдө колдонууга багытталган дешет министрликтен.

Маалымдалгандай, көчмө жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, юстиция жана санариптик өнүктүрүү министрлери, ошондой эле Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Жолугушуунун катышуучуларына сунушталган реформаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфраструктура көрсөтүлдү. Көчмө топ СИЗО-1ге жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барып, реалдуу соттук отурумдардын жүрүшүндө видеоконференц байланыш (ВКБ) кандай иштеп жатканын көрсөтүштү.

Юстиция министри Аяз Баетов соттук отурумдарды онлайн көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоору кызыкдар тараптарга жана коомчулукка маалымдоо менен сот процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатарын билдирди.

"Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бул сот процесстерин онлайн өткөрүүгө карай маанилүү кадам болот, бардык жазуулар сакталат, ал эми сот отурумун видеого тартуу процесстин бардык катышуучулары үчүн иш стандарттарын камсыз кылат", - деп белгиледи Баетов.

Көчмө топ түзөтүү мекемелериндеги кырдаалга ыкчам көз салынып турган Жаза аткаруу кызматынын Мониторинг жана талдоо борборунда болду.

Кеңешменин катышуучуларына кызматтык-аткаруучулук тартипти жакшыртуу, айыпкерлердин жана соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн ЖАКка жасалма интеллекттин пилоттук киргизүүсү көрсөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16698