Казакстандан келген гумжардам Ошко жеткирилди
RU

Казакстандан келген гумжардам Ошко жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандан келген гумжардам селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткирилди. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Белгилесек, Казакстандын "BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN" кайрымдуулук фонду элдин атынан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган кыргыз элине 40 тонна жардам жөнөткөн.

Чек арага чейин келген гуманитардык жардамды кыргызстандык куткаруучулар селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткиришти.

Жалпы 40 тонналык гуманитардык жардам кийим-кечек, төшөнчү жана азык-түлүктөрдөн турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16718