ӨКМ Бишкекке кооптуулук жарата турган көлдүн абалын көрсөттү
RU

ӨКМ Бишкекке кооптуулук жарата турган көлдүн абалын көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийик тоолуу Адыгене көлү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча улуттук паркынан 10 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашкан. Жакын жерде дагы бир нече морена көлдөрү бар.

Бир нече күндөн берки жаанчыл аба ырайында көлдүн абалы коомчулукту, капчыгайдын эс алуучуларын кооптондуруп келген.

Буга байланыштуу 18-июль күнү ӨКМдин Бишкек шаарындагы Ленин райондук бөлүмүнүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн төрт кызматкери экинчи жолу Адыгене жана ага жакын жайгашкан морена көлдөрүн изилдөө иштерин жүргүзүштү.

"Текшерүү көрсөткөндөй, Адыгендеги суунун деңгээли жылдык нормага туура келет, суу сактагычтын жарылуу коркунучу жок", - деп билдирди ӨКМ.

Ал эми ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, ар жылы бийик тоолуу көлдөр изилденет.

"Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан "нулевой изотерма" тактап айтканда, температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген", -дейт Даурбек Сакыев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16720