Эмгек миграциясынын балдарга тийгизген кесепеттерин кантип азайтуу керек?
RU

Эмгек миграциясынын балдарга тийгизген кесепеттерин кантип азайтуу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет өлкөдө иштеп жүргөн жаш жубайлар, чоң ата, чоң энесинин колунда калган балдар Кыргызстан үчүн сейрек көрүнүш эмес. Учурда бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Алар күнү-түнү иштеп, тар шартта күн кечирип, тапкан акчасын мекениндеги үй-бүлөсүнө жөнөтүшөт. Эмгек мигранттарынын балдары калктын аялуу катмарынын бири экени талашсыз.

Элнуранын окуясы

- Жолдошум экөөбүз Москвага кетип жатканда улуу кызым беште, кичүүсү экиде болчу. Улуусу менен коштошуп, көпкө кетип жатканыбызды, келгенде ага велосипед, куурчак алып келерибизди айтканбыз. Алар кичүүсүнө кичинекей деп эч нерсе дебедик. Балдар сагынды, биз сагындык, кыздарга көбүрөөк көңүл бурам деп жүрүп кайын энем да чарчады. Бирок башка аргабыз жок болчу. Карыздар жана кредиттер, жашоого кеткен чыгымдар ушундай чечимге келүүгө аргасыз кылды. Бир жылга кеткенбиз, беш жылдан кийин кайтып келдик. Кыргызстанга жылына бир эле жолу, анда дагы жыйырма күндөн ашпаган убакытка эле келип кетчүбүз.

Ажыроо балдар менен болгон мамилеге таасирин тийгизди. Алар биз жок чоңоюп, бизди ата-эне катары кабыл албай калышты.

Кайтып келгенден кийин байланыш түзүүгө жана алардын ишенимин кайтарууга көп убакыт жумшадык. Ошондо кеткенибизге өкүнбөйм. Миграциянын аркасы менен өзүбүздүн үйүбүзгө ээ болуп, бардык карызыбызды төлөдүк. Бир гана өкүнүчүм, өзүмдүн сезимдеримди кыздарым менен бөлүшпөгөнүм. Сезимдер жөнүндө кантип айтышты билбейм, алар менин "түнт" болуп жүргөнүмдү жактырбоо катары кабыл алышты. Ошентсе да, алар менен коштошкондо, үйгө чалганда жана сейрек кездешүүчү жолугушууларда ачык жана мээримдүүрөк болуу керек болчу экен.

Жардам издөөгө мүмкүнчүлүк жок

Элнуранын тажрыйбасы өзгөчө эмес. Балдарын туугандарынын колунда калтырган дээрлик ар бир мигрант үй-бүлө мамилелеринде көйгөйлөргө туш болушат. Миграция агымы дагы эле жогору экенин, ар кандай маалыматтар боюнча миллионго жакын кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө жашап жатканын эске алып, Kaktus.media сайтынын редакциясы ата-энелер үчүн практикалык психолог жана гештальт-терапевт Асел Байымбетованын сунуштары менен материал даярдады.

Кетүүгө даярдануу - балдардан бөлүүнүн эң маанилүү бөлүгү

Эгерде ата-энеде баласын таштап алыска кетүү кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу болгон жагдайлар түзүлүп, үй-бүлө ушундай чечимге келсе, анда балдарды даярдап, аларды калтырып жаткан адамдар менен шарттарды талкуулоо зарыл.

Камкорчу менен эмнени талкуулоо керек

  • Балдарды ишенимдүү адамга гана калтыруу керек. Бул сиз ишенген жана балдарыңызга камкордук жана жоопкерчилик менен мамиле кылган адам же үй-бүлө болушу керек.
  • Ыйгарым укуктуу өкүл менен келишимдин шарттарын айтыңыз. Андан эмнени күтөөрүңүз жөнүндө ачык айтып, ал муну жасай аларына жакшылап ынанганыңыз оң.
  • Камкорчу баланын тартиби, тамактануусу, медициналык шарттары жана башка маанилүү аспектилери менен тааныш экенине ынаныңыз.

Балдар менен эмнени талкуулаш керек

  • Балдарыңызга эмне үчүн, кайда жана канча убакытка кетип жатканыңызды түшүндүрүңүз. Муну алардын жашын жана түшүнүгүн эске алуу менен аларга жеткиликтүү кылып жасоо маанилүү.
  • Балдарыңызга коопсуздук жана пландар жөнүндө айтып бериңиз. Бул убактылуу ажыроо экенин жана алар ишенген жакын адамдарынын көзөмөлүндө болоорун түшүндүрүңүз.
  • Балдарга ата-энесиз жашоосунда пайда болгон кыйынчылыктарды ким жана кантип чечээрин түшүндүрүңүз. Мисалы, башка үйгө көчүп кетсе, жаңы шарттарга көнүүгө ким жардам берет, жаңы мекемеде окуу ж.б.у.с.
  • Балдарыңыз менен силер жокто сиз менен кандай байланышта болоорун талкуулаңыз (видео чалуулар, билдирүүлөр ж.б. аркылуу). Бул алардын жашоосунда сиздин бар экенин сезүүгө жардам берет.
  • Балдарга ата-энесин кетүүсүнө жана алардан ажыроого байланыштуу пайда болгон сезимдерин билдирүүгө жардам бериңиз.
  • Оюн ачык айтуу жана суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен аларга эмоционалдык колдоо көрсөтүңүз.
  • Мүмкүн болсо, балдарыңыз менен алар сизди качан күтө аларын жана келечектеги пландарыңыз кандай болорун талкуулаңыз.

Ар кандай курактагы бала үчүн ата-энеден ажырашуу чоң стресс. Бул кадамдар көчүп кетүү процессин стрессти азайтууга жана балдарыңыз үчүн чоң көйгөй жаратпаганган жардам берет.

Сезимдерди көрсөтүүгө тоскоолдук кылбаңыз. Сезимдерин билдирүү жана ата-энелердин колдоосу аларга ажырашуу кайгысын жеңүүгө жардам берет.

Ата-энеден бөлүнүүнүн балага тийгизген психикалык кесепеттерин кантип азайтуу керек

Ата-эненин жоктугу ар кандай курактагы жана мүнөздүү балдарга ар кандай таасир этет. Терс кесепеттерди азайтуу үчүн ата-энесиникине окшош тарбия жана жашоо шарттар зарыл болот. Балдар өз үйүндө камкорчулар менен калганы жакшы. Аларга тааныш аймакта калуу оңой болот. Ошондой эле балдардын ата-энесинин ордун баса турган адамдарга ишениши жана алардын балдардын бардык муктаждыктарын ата-энесиникиндей кылып (физикалык жана психологиялык коопсуздук, тамактануу, мезгилге ылайыктуу, сапаттуу кийим-кече, балдарга боорукердик) өз деңгээлинде камсыздай алуусу маанилүү.

Алыста болгондо да балаңыз менен байланышта болуңуз

Ата-энелер мүмкүн болушунча балдары менен сүйлөшүүгө убакыт бөлүшү керек. Балдардын маанайы, окуусу, жашоосуна кызыкдар болуу маанилүү. Алардын нааразычылыгына туруштук бериңиз, анткени ата-энесинен ажыраганда балдардын өзүн-өзү баалоо сезими жана коопсуздук сезими төмөндөйт. Психосоматикалык оорулардын көбөйүү коркунучу да болот.

Эгер балдарыңыз менен ата-энесинен ажыроо азабынан, таштап кетүү сезимдеринен жана ата-энесинин кетишине байланыштуу башка таарынычтардан улам байланышта болбосоңуз, алар түнт, бейбаштык жана агрессивдүү болуп калышы мүмкүн. Муну менен, балдар менен маанилүү эмоционалдык байланыш жоголуп, ата-энелерге болгон байлануу азаят.

Балдардан ажыроонун кесепеттери

Ажырашуунун ата-эне менен баланын мамилеси үчүн терс кесепеттери кандай болгон күндө да болот. Аларды жайгаруу үчүн убакыт талап кылынат. Кээ бир балдар үчүн ата-энеси кайтып келгенде мамиледе компенсация пайда болот. Алар көбүрөөк көңүл бурууну жана мээримди талап кылышы мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен мамиле жакшырат.

Ата-эне менен баланын мамилеси үчүн бул күчтүү күрөш. Көбүнчө, үй-бүлө аман калуу милдети менен бетме-бет келет, ошондуктан маанилүү мамилелер темасы экинчи планга өтөт.

Бул кыйынчылыксыз болбой койбойт. Бирок ата-энелер баланын абалын, анын коркуу сезимин жана ажыроодон жаралган кайгысын эске алып, аны менен жылуу мамиледе болууга ар тараптан аракет кылышса, алар кетип баратканда психологиялык зыяндын ордун жарым-жартылай толтура алышат. Терс таасирлерди жок кылуу мүмкүн эмес, бирок, жок дегенде, көп жагдайларды эске алсаңыз, оорутуу азыраак болот.

Эгерде балдар ата-энелери менен кете турган болсо

  • Башка өлкөгө иштегени баратканда балдарды ээрчитип бара турган болсоңуз, анда ал жактагы балдардын жашоо шарты тууралуу алдын ала маалымат менен таанышып, ошондой эле көчүп барганда стрессти азайтууга аракет кылуу керек.
  • Жаңы өлкөдө коопсуз жана сергек жашоо үчүн шарттарды камсыз кылыңыз. Балдарга байланыштуу маалыматты изилдөө зарыл (мыйзамдар, медициналык шарттарга жетүү ж.б).
  • Узак мөөнөткө кетип жатканда, балдардын билим берүү мекемелерине кирүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө керек. Балдарыңыз түшүнгөн тилде үйрөнүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана алар билимин кантип уланта аларын билип алыңыз.
  • Жаш балдар менен кетип жатканда алар менен ким отурарын чечүү керек. Сиз барууну пландап жаткан өлкөдө жана шаарда бала багуучу кызматтары канча турат? Ал жактан бала багуучуеу кантип тапса болот же өз өлкөңүздөн сиз менен алып кетсе болобу?
  • Бара турган өлкөнүн экономикалык абалына жараша бала үчүн болжолдуу чыгымдарды эсептеп чыгуу зарыл.
  • Бардык үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдар үчүн социалдык интеграция мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүңүз. Жаңы чөйрөгө жакшыраак көнүү жана өз ара аракеттенүү үчүн жергиликтүү каада-салтты, тилди жана маданиятты үйрөнүңүз. Балдарга маданий айырмачылыктарды түшүндүрүңүз.
  • Балдарга эмне болуп жатканын түшүндүрүү жана алардын жаңы чөйрөгө ыңгайлашуусун колдоо аркылуу эмоционалдык колдоо жана туруктуулукту камсыз кылуу маанилүү.
  • Эгерде балдар өз мекенинде калган туугандарын, досторун сагынышса же ал жактагы тааныш чөйрөнү сагынышса, аларга сезимдерин ачык айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (55 статей)
Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү кантип түзүү керек
3 Сентябрь 2024, 09:20
Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер
27 Август 2024, 08:31
Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?
27 Июль 2024, 15:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16727