Тазабек Икрамовдун ордуна. Сузак округунда кайра шайлоо өтөт
RU

Тазабек Икрамовдун ордуна. Сузак округунда кайра шайлоо өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Тазабек Икрамов шайланган №13 Сузак бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өтөт. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.

Токтомго ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына, жекшембиге дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Белгилесек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке Тазабек Икрамов 2021-жылы депутат болуп шайланган.

2024-жылдын 17-июлунда Икрамов УКМКга суракка чакыртылганы маалым болгон. Бирок расмий органдар да, эл өкүлү өзү да бул боюнча маалымат беришкен эмес.

Кийинчерек Тазабек Икрамов депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16763