Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын алтыны кайсы жерде сакталуу экенин айтып берди
RU

Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын алтыны кайсы жерде сакталуу экенин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр голд компани" ЖАКтын тышкы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук банкытн сырын ачып, алтын кайда сакталуу экенин айтып берди.

Бүгүн, 20-майда берген басма сөз жыйыны учурунда, алтын тоо кени нормалдуу режимде ишин улантып жатканын билдирди. Учурда сатып алууларды жүргүзүу жана айлыктарды төлөп берүүгө каражаттар изделип жатат.

"Бир айда сатып алууларга 21 млн доллар сарпталат экен, ал эми айлык акыга 4 млн доллар керектелет. Учурда бизге ушул сумма керек. Бизде каржылоо булактарыбыз бар. "Кыргызалтындын" 20 млн доллар өлчөмүндөгү дивиденддери бар. Алтындын биринчи партиясы Улуттук банкка 29 млн долларга сатылды. Андан тышкары Экономика жана финансы министрлиги менен 25 млн долларга револьвердик кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Бөлтүрүк.

Ал, мындан ары алтын Швейцарияда эмес өлкөнүн өзүндө, Улуттук банктын сактоочу жайында сактала тургандыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын алтындары кайсы өлкөдө сакталат деген суроого жооп берүүдөн баш тартып, бул мамлекеттик сыр деп айткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1676