Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев камакка алынды
RU

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Азамат Дыйканбаев камакка алынды. Буга чейин ал УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Ири өлчөмдө акча опузалоо фактысы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев камакка алынды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына УКМКдан тастыкташты.

УКМК "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырган чет элдик компаниянын ири өлчөмдо акча опузалоо фактысы боюнча арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

2021-жылдын 20-майында, КРдин Жазык кодексинин "Акча опузалоо" 326-беренесинин негизинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев камакка алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту чара көрүү маселесин карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1677