Ошто милиция кызматкери 100 миң сом менен кармалды
1684
Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара менен кармалды. ИИМден кабарлашкандай, кызматкер жарандан 100 миң сом талап кылган.
Маалымдалгандай, министрликтин ички иликтөө кызматына К.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал К. аттуу милиция кызматкери мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 100 миң сом талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
slide 2 of 3
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген, учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16787