Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы мыйзамсыз акча алганы аныкталды
RU

Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы мыйзамсыз акча алганы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-майда Ммлекеттик каржылык кызматынын статс катчысы Н.Ж.Б. мыйзамсыз акча алуу фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Н.Ж.Б. тарабынан кызматтык абалынан пайдаланып, алдамчылык аракеттеринин фактылары аныкталып, натыйжасында, арыз ээсинин материалынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылдын октябрында Н.Ж.Б. компаниясы бар жарандын ишенимине кирип, өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.

Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн, арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылат.

Аталган элементтерге мыйзамдуулукту берүү максатында, Н.Ж.Б. насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан тышкары, Н.Ж.Б. кызматтык бөлмөсүнө жана жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрүн, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынды.

Азыркы учурда Н.Ж.Б. катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1680