Артем Новиков жаңы кызматка дйындалуусу боюнча комментарий берди
RU

Артем Новиков жаңы кызматка дйындалуусу боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын экс-орун басары Артем Новиков Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун төрагалык кызматына дайындалуусу боюнча комментарий жасады.

Бүгүн, 20-майда, өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, эртең менен президент Садыр Жапаров менен жылуу жана жайдары маанайда сүйлөшкөнүн айтты.

"Учурда өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жакшыртуу боюнча көптөгөн стартегиялык багыттар бар. Көпчүлүгүңөр жаңылыкты билесеңер керек. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна мени төрагалык кызматына дайындоо сунушун жетекчилик колдоду. Бул абдан жоопкерчиликтүү иш. Жакынкы аралыкта фондду модернизациялоо, реалдуу долбоорлорду түздөн-түз каржылоо жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелерди чечүү зарыл", - дейт Новиков.

Бул чечим макулдашып кабыл алынган. Жаңылыш пикирлерди алдын алуу үчүн жаңылыкты жеке өзүм айтууну туура көрдүм.

"Мен мурдагыдай эле силер менен болом. Силер менен көбүрөөк баарлашып, кайрылууларыңарга оперативдүү жооп кайтарганга аракет кылам. Колдоо көрсөткөнүңөр үчүн баарыңарга рахмат. Байланышта бололу", - деп РКӨФтүн жетекчиси билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1681