Акылбек Жапаров: Кыргызтан Centerra Gold Inc менен ажырашып, мурунку фамилиясын кайтарат
RU

Акылбек Жапаров: Кыргызтан Centerra Gold Inc менен ажырашып, мурунку фамилиясын кайтарат

Все самое интересное в Telegram

"Кумтөр голд компани" ЖАКтын ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик комиссянын төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан Centerra Gold Inc менен ажырашып, мурунку фамилиясын кайтарат, деп үмүттөнүүдө. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештеги пресс-конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, талаш маселелер боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына чейин, башкача айтканда ушул жылдын 31-августуна чейин жыйынтыкталат, деп үмүттөнүүдө.

"Же соттошуш керек же ажырашыш керек", - дейт депутат.

Журналисттин ажырашыш керек дегениңиз кандай?, - деген суроосуна Жапаров мындай жооп кайтарды:

"Ажырашып, кыз кезиндеги фамилиясын кайра кайтарыш керек. Алар өз оокатын чогултуп, чыгып кетишсе, биз өз оокатыбыз менен бул жерде кала берет элек. Бүгүнкү күндө "Кумтөр голд компанинин" наркы 2 млрд 400 млн долларды түзөт, толугу менен Centerra Gold Inc. - 4 млрд, ага коюлган экологиялык айып пул - 3 млрд доллар жана салыктар - 1 млрд 166 млн. Ажыраша турган болсок 5-6 вариантыбыз бар".

Кыргызстан үчүн бүтпөгөн тозоктон көрө, "Центерранын" коррупциялык менеджментинин кейиштүү болсо да бүткөнү жакшыраак эмеспи. Качан? Көрө жатарбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1682