Бут кийими суунун жээгинде калган аялдын сөөгү табылды
2429
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 73 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Маркум Чоң Кызыл-Суу суусунан табылганын ӨКМдан билдиришти.
Белгилесек, 1-августта саат 8:00 чамасында Кызыл-Суу айылынын 1951-жылы туулган С.Г. аттуу тургунунун бут кийими суу жээктен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан.
slide 3 of 2
Ошол эле күнү саат 19:00 чамасында ӨКМдин куткаруучулары жана дайынсыз жоголгон жарандын туугандары тарабынан С.Г`нын сөөгү Чоң Кызыл-Суу суусунан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16843