Азамат Дыйканбаев УКМКнын СИЗОсунда 20-июлга чейин болот
RU

Азамат Дыйканбаев УКМКнын СИЗОсунда 20-июлга чейин болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи май райондук соту министрлер кабинетинин мурунку орун басары - санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакка алды. Бул тууралуу Kaktus.media'га адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Адвокаттын айтымында, анын жакталуучусу учурда УКМКнын СИЗОсунда.

Эске салсак, Дыйканбаевди акча опузалоо фактысы боюнча камакка алышкан. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ише ашырып жаткан чет элдик компаниянын арызынын негизинде УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Белгилүү болгондой, Дыйканбаев белгиленген долбоор боюнча аткаруу мөөнөтүн узартуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдөгү акчалай каражат доолаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1688