Бразилияда учак кыйрап, ичиндегилер набыт болду. Садыр Жапаров көңүл айтты
RU

Бразилияда учак кыйрап, ичиндегилер набыт болду. Садыр Жапаров көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

Белгилесек, Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Винедо шаарынын калктуу конушуна 62 жүргүнчүсү жана экипаж мүчөлөрү бар учак кулап түшкөн. Кырсыктан бортторгу бир дагы адам аман калган эмес.

Трагедияга байланыштуу Садыр Жапаров бразилиялык кесиптешине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү дешет президенттин администрациясынан.

"Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем.

Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16940