2021-жылдын төрт айында 251 750 даана eID паспорт даярдалган
RU

2021-жылдын төрт айында 251 750 даана eID паспорт даярдалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйылкы жылдын 4 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп eID паспорт даярдалган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маселен, 2020-жылы болгону 129 миң даана паспорт чыгарылса, 2021-жылы ошол эле мезгилге карата 251 750 даана eID паспорт даярдалган. Мындай көрсөткүчтөр пандемиянын башталышы жана Кыргыз Республикасында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши менен байланыштуу.

Андан тышкары, жылдын башында 102 миң жалпы жарандык паспорт, дээрлик 46 миң туулгандыгы жөнүндө жана 16 миң нике күбөлүгү берилген. Ошондой эле ушул 4 айда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан жалпысынан 23 миңден ашуун ажырашуу, аты-жөнүн өзгөртүү жана өлүм каттоо жүргүзүлдү.

МКК 2021-жылдын январдан апрелине чейин калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары жаатында 440 миң кызмат көрсөткөн. 2020-жылы ушул эле мезгилде Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 100 мңге азыраак документ берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1695